Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 12 өлкө үчүн ачарчылык боюнча эскертти
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WF) келерки жылы эң чоң адамзаттык кризистин бири болушу мүмкүн экендигин жана12 өлкөнүн ачарчылыкка дуушар болорун эскертти.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WF) келерки жылы эң чоң адамзаттык кризистин бири болушу мүмкүн экендигин жана12 өлкөнүн ачарчылыкка дуушар болорун эскертти.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Биасли БУУнун Жалпы Кеңешинде өткөрүлгөн Ковид - 19 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө : «Келерки жылы толугу менен бир апаат болот»,- деди.
Жаңы тип коронавирус эпидемиясы жана улантылып жаткан согуштардын айынан адамзаттык муктаждыктардын эки эсеге көбөйгөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Биасли ачарчылыктын 12 өлкөнүн каалгасын какканын айтты.
Биасли коркунуч астындагы 12 өлкөнү атабастан, эртерээк аракетке өтүлө турган болсо ачарчылыкты алдына алууга болорун белгиледи.
Тектеш кабарлар
Путин президенттик күбөлүгүн алды
Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин Памфилова менен кеңсесинде жолугушту.