Дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн абалы

Аз өнүккөн өлкөлөрдө 32 миллион адам өтө жакырчылыкка туш болушу мүмкүн.

1539300
Дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн абалы

Аз өнүккөн өлкөлөрдүн 2020-жылы акыркы 30 жылдагы эң начар экономикалык көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөрү билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы жарыялаган "Аз өнүккөн өлкөлөрдүн 2020-жылдагы отчетуна" караганда, киреше деңгээлинин төмөндөшүнөн, жумушсуздуктун кеңейишинен жана каржылык тартыштыктын өсүшүнөн улам аз өнүккөн өлкөлөрдө 32 миллион адам өтө жакырчылыкка туш болушу мүмкүн деп эскертилди.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын таасири менен бул өлкөлөрдүн 2020-жылы акыркы 30 жылдагы эң начар экономикалык көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөрү белгиленген отчетто, аз өнүккөн 47 мамлекетте 1,06 миллиард адамдын жашагандыгы билдирилди.

БУУнун маалыматына караганда, бул өлкөлөргө дүйнөлүк дүң өнүмдүн 1,3 пайызынан азы туура келет.

Отчетто эл аралык коомчулукка өнүккөн өлкөлөргө каржылык колдоо көрсөтүү чакырыгы салды.



Тектеш кабарлар