Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам дүйнө жүзүндө каза болгон адамдардын саны 1,5 миллионго жетти.

1538852
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү
KORONA SÜPER
KORONA SÜPER

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам дүйнө жүзүндө каза болгон адамдардын саны 1,5 миллионго жетти. Оорулардын саны 64 миллион 845 миңден, ал эми айыккандардын саны 44 миллион 942 миңден ашты.

Индияда Ковид-19дон улам каза болгон адамдардын саны 138 миң 657ге, ал эми жуккан адамдардын саны 9 миллион 534 миң 964кө жетти.

Ковид-19 алгач пайда болуп, ушул күнгө чейин 4 миң 634 адам каза болгон Кытайда акыркы күндө вирустун айынан адам өмүрү кыйылган жок, оорулардын саны 16га көбөйүп, 86 миң 567ге жетти.

Жапонияда парламент 2021-жылдын биринчи жарымында калкты Ковид-19га каршы эмдөө чыгымдарын жабууну камтыган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Батыш Африка өлкөсү Ганада эпидемияда адам өлүмү 323, оорунун саны 51 миң 667 деп катталып, Ашанти аймагындагы түрмөлөрдө 54 түрмө кызматкери жана 44 туткун вируска кабылган.



Тектеш кабарлар