Чыгыш өлкөлөрүн тооруп алган коронавирус...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам дүйнө жүзүндө каза болгон адамдардын саны 1,5 миллиондон ашты.

1538871
Чыгыш өлкөлөрүн тооруп алган коронавирус...
KORONA SÜPER
SÜPER FOTO madagaskar koronavirüs

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам дүйнө жүзүндө каза болгон адамдардын саны 1,5 миллиондон ашты. Оорулардын саны 64 миллион 904 миңден, ал эми айыккандардын саны 44 миллион 995 миңден ашты.

Индияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 138 миң 657ге, ал эми жуккан адамдардын саны 9 миллион 534 миң 964кө жетти.

Ковид-19 алгач пайда болуп, ушул күнгө чейин 4 миң 634 адам каза болгон Кытайда акыркы суткада вирустун айынан адам өлүмү болгон жок, оорулардын саны 16га көбөйүп, 86.567ге жетти.

Түштүк Кореяда коронавирустун айынан адам өлүмү 529, ал эми жуктуруп алгандардын саны 35 миң 703 болду.

Жапонияда парламент 2021-жылдын биринчи жарымында калкты Ковид-19го каршы эмдөө чыгымдарын жабууну камтыган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Батыш Африка өлкөсү Ганада эпидемиядан адам өлүмү 323, илдетке чалдыккандардын саны 51 миң 667 деп катталып, Ашанти аймагындагы түрмөлөрдө 54 түрмө кызматкери жана 44 туткун вируска кабылды.

Ковид-19дан улам Иранда 48 миң 990, Россияда 41 миң 607, Түштүк Африкада 21 миң 709, Индонезияда 17 миң 199 жана Иракта 12 миң 340 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар