БУУ "Ковид-19" саммитин өткөрөт

Саммитте 50дөн ашуун мамлекет башчылары, 39 өкмөт башчылары жана 40ка жакын министрлердин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

1538849
БУУ "Ковид-19" саммитин өткөрөт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 3-4-декабрда "Ковид-19" саммитин өткөрөт.

БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын жетекчиси Волкан Бозкырдын төрагалыгы астында өтө турган жана дүйнө лидерлери онлайн режимде катыша турган саммитте коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, пандемияга каршы күрөш, эмдөө жана социалдык-экономикалык калыбына келтирүү маселелери талкууланат.

Саммиттин экинчи күнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) директору Тедрос Аданом Гебреисус презентация жасайт.

Жеке сектордун өкүлдөрү, жарандык коомдук уюмдар, Ковид-19га каршы вакциналарды иштеп чыгуучу илимпоздор жана фармацевтикалык компаниялар катыша турган саммитте 50дөн ашуун мамлекет башчылары, 39 өкмөт башчылары жана 40ка жакын министрлердин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар