СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1538180
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid SPR ölüm.jpg
Yunanistan Lockdown Koronavirüs Covid-19_1.jpg
super covid19.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 487 миң 900дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 64 миллион 246 миңден, ал эми айыккандардын саны 44 миллион 492 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 276 миң 979га, вирус менен ооругандардын саны болсо 14 миллион 108 миң 606га жетти. Өлкөдө Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакциналардын биринчи кезекте саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана карылар үйүндө жашагандарга таратылаары кабарланды.

Англияда вирустун себебинен акыркы 24 саатта 603 адамдын каза болушу менен жалпы сан 59 миң 51ге жогорулады. Өлкөдө 13 миң 430 жаңы учур катталып ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 643 миң 86 болду. Парламент Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында 3-декабрда аяктаган улуттук карантинден кийин ишке ашырыла турган өкмөт тарабынан кабыл алынган 3 этаптуу алдын-ала чечимди бекитти.

Италияда пандемиядан улам акыркы 24 саатта 758 адам каза болуп жалпы 56 миң 361ге жетти. Вирусту жуктургандардын саны 19 миң 350гө көбөйүп, 1 миллион 620 миң 901ге жетти.

Францияда акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан 365 адам каза болду; ушундайча жалпы сан 53 миң 506ны түздү. Бир күндө 8 миң 83 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 230 миң 571ге жетти.

Испанияда акыркы бир күндө Ковид-19дан 442 адамдын каза болушу менен адамдардын өлүмү 45 миң 511ге жогорулады. Ошол эле мезгилде 8 миң 257 учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 656 миң 444кө жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 72 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дан улам 2 миң 401 жаңы учур катталганын жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 4 миң 577ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 300 миң 462ге жетти.

Германияда вирустан акыркы суткада 487 адам каза болду жана эпидемия башталгандан бери эң жогорку суткалык өлүм катталды. Жалпысынан 17 миң 123 адам көз жумган өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 84 миң 743кө жетти.

Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Press Emblem Campaign (PEC) жарандык коомдук уюму билдиргендей, март айынан бери 56 мамлекетте болжол менен 500 журналист коронавирустун айынан көз жумду.



Тектеш кабарлар