ПКК Синжар райондук борборунан чыгарылды
Борбордук өкмөткө караштуу федералдык күчтөр мамлекеттик мекемелерге орношо баштады.
1537810

Жикчил террордук уюм ПКК Ирактын Мосул провинциясынын Синжар районунун борборунан чыгарылды.
Борбордук өкмөткө караштуу федералдык күчтөр мамлекеттик мекемелерге орношо баштады.
Эртең мененки сааттан тарта жайгаштырыла баштаган федералдык күчтөр түштөн кийин бардык расмий кеңселерге жайгашышты.
Райондук борбор жана анын айланасындагы бардык топтор тазаланып бүткөндөн кийин Багдаддын борбордук өкмөтү расмий билдирүү жасашы керек.
Синжар калкынын аймакка кайтып келиши үчүн даярдыктар улантылууда.
Синжар келишимине октябрь айында Багдад менен Эрбилдин ортосунда кол коюлган, анда террордук уюм ПККнын аймактан чыгарылышы каралган. Келишимге ылайык, аймактагы бардык мыйзамсыз элементтер райондон чыгып кетиши керек.