Ирандын Төңкөрүшчүл сакчылары армиясынын командирлеринин бири Мүслим Сехдан өлтүрүлдү

Чабуул Ирандын өзөктүк программасынын маанилүү адамдарынын бири Мүхсин Фахризаде өлтүрүлгөндөн үч күн өткөндөн кийин болгону көңүлдү бурду.

1537499
Ирандын Төңкөрүшчүл сакчылары армиясынын командирлеринин бири Мүслим Сехдан өлтүрүлдү

Ирандын Төңкөрүшчүл сакчылары армиясынын командирлеринин бири Мүслим Сехдан, Сириянын Ирактын чек арасындагы Дейр-эз-Зор провинциясында абадан урулган соккудан каза болду.

Шехдан жана анын күзөтчүлөрү кечээ эртең менен Ирак аркылуу Сирияга өткөндөн кийин Дейр-эз-Зордун чыгыш тарабындагы Элбукемал районундагы Сувеййийе айылынын жанында, белгисиз согуштук учактын абадан соккусуна дуушар болду. Шехдан жана анын 3 жан сакчысы кол салуудан каза тапты.

Азырынча эч ким аба соккусу үчүн жоопкерчиликти моюнга ала элек.

Чабуул Ирандын өзөктүк программасынын маанилүү адамдарынын бири Мүхсин Фахризаде өлтүрүлгөндөн үч күн өткөндөн кийин болгону көңүлдү бурду.

Евфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы Дейр-эз-Зор жерлерин АКШ колдогон жикчил террордук уюм ЙПГ / ПКК ээлеген.



Тектеш кабарлар