Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылууда.

1537266
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19.jpg
super covid19 ingiltere
covid test.jpg
Yunanistan Koronavirüs Covid-19_4.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 473 миңден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 63 миллион 590 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 43 миллион 985 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пандемиядан каза болгондордун саны 274 миң 332ге жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 13 миллион 920 миң 38 деп катталды. Президент Дональд Трамптын Covid-19 боюнча кеңешчиси др. Скотт Атлас кызматтан кеткенин билдирди. Бул кызматка болжол менен 4,5 ай мурун дайындалган Атлас өзгөчө маска жөнүндө айткандары үчүн массалык маалымат каражаттарында катуу сынга алынган болчу.

Британияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 205 адам каза болуп жалпы сан 58 миң 448ди түздү. Ушул эле мезгилде 12 миң 330 Ковид-19 оорусу аныкталган өлкөдө, илдетти жуктургандардын саны 1 миллион 629 миң 657ге жетти. Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок улуттук карантиндин коронавирус учурларын 30 пайызга кыскартууга алып келгенин айтты.

Францияда Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта 408 адамдын каза болушу менен жалпы сан 52 миң 731 деп катталды. Өлкөдө ушул эле мезгилде вируска чалдыккандардын саны 4 миң 5ке көбөйүп 2 миллион 222 миң 488ге жетти.

Пандемиянын айынан адам өлүмү 1 миң 786, ал эми жуктуруп алгандардын саны 128 миң 442 болгон Хорватияда, жубайында вирус табылган премьер-министр Андрей Пленковичте да Ковид-19 аныкталды.

Пандемиянын себебинен 9 миң 376 адам каза болуп, 523 миң 478 адам илдетке чалдыккан Нидерландияда, Ковид-19 эпидемиясынан улам жабык жерлерде маска кийүүнү милдеттендирген тартип бүгүн башталат.

Канадада коронавирустан каза болгондордун саны 12 миң 84кө жетти. Өлкөдө ооруга кабылгандардын саны болсо 375 миң 737ге жогорулады.



Тектеш кабарлар