СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны бир миллион 465 миңден ашты.

1536790
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19.jpg
super covid19 ispanya

Дүйнө жүзү боюнча Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны бир миллион 465 миңден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 63 миллион 73 миңден, ал эми айыккандардын саны 43 миллион 546 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 273 миң 72 адамды түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 13 миллион 750 миң 404 деп катталды.

Францияда акыркы 24 саат ичинде Ковид-19дан 198 адам каза болду; адам өмүрү 52 миң 325ти түзгөн. Бир күндө 9 миң 748 жаңы учур катталса, бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 218 миң 483кө жетти. Өлкөдө Ковид-19 сынамасынын оң көрсөткүчү 11,1 пайызды түздү. Франциянын Мамлекеттик кеңеши өлкөдөгү жамааттык сыйынууга коюлган чектөөнү кайрадан карап чыгууну суранды. Жолугушууларга катышкан эң көп дегенде 30 адамга карата чараны алып салуу талабы коюлган. Эгер сыйынууга коюлган чектөө алынып салынса, жума намазга дагы тыюу салуу жоюлат.

Акыркы 24 саатта Чехияда, эпидемиядан улам 87 адам каза болуп, 2 миң 665 жаңы учур каталып, жуктуруп алгандардын саны 518 миң 649га жетти. Өлкөдө тобокелдик деңгээли 4төн 3кө төмөндөп бейшемби күндөн баштап, өлкөдө тейлөө чөйрөсүн кошкондо, бардык ишканалар ачылат, ресторандар жарым кубаттуулукта иштейт жана кардарлардын белгилүү бир бөлүгү жумуш ордуларында тейленет.

Вирустун айынан 58 миң 245 адам каза болгон Англияда бир күндө 12 миң 155 жаңы учур аныкталды. Жуктургандардын  саны 1 миллион 617 миңден ашты

Эпидемияда 54 миң 904 адам каза тапкан Италияда акыркы сутка ичинде 20 миңден ашуун учур аныкталды, оорулардын саны бир миллион 585 миң 178ге жетти.

Ковид-19дан 1712 өлүм катталган Хорватияда, оорунун саны 126 612ден ашты. Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленковичтин жубайы Ана Пленкович коронавируска кабылды. Хорватиянын премьер-министри байланышта болгондуктан, өзүн 10 күнгө карантинге койду.



Тектеш кабарлар