Ирандын Коргоо министри: «Фахризаденин баштаган жолун улантабыз»

Ирандын расмий агенттиги IRNA билдиргендей, Хатами Коргоо министрлигинде Фахризадени акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөдү.

1536981
Ирандын Коргоо министри: «Фахризаденин баштаган жолун улантабыз»

Ирандын Коргоо министри Эмир Хатами, кол салуунун натыйжасында каза болгон атом окумуштуусу Мухсин Фахризаде баштаган ишти улантабыз жана анын жолун жолдойбуз деди.

Ирандын расмий агенттиги IRNA билдиргендей, Хатами Коргоо министрлигинде Фахризадени акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөдү.

Хатами кылмышкерлер Ирандын өзөктүк ишиндеги «чечкиндүүлүгүн» бутага алышканын айтып, «Биздин шейитибиздин жолун улантууга болгон чечкиндүүлүгүбүз дагы күчтүү болот. Биз өлкөнүн өнүгүүсүн ылдам жана күчтүү жол менен улантабыз»,-деди.

Фахризаде өлкөнүн жаштары жана кесиптештери үчүн кумир экендигин белгилеген Хатами мындайча улантты: «Иран эли эч кандай кылмыштарды, терроризмди жана акылсыз аракеттерди жоопсуз калтырбайт. Биз кылмышкерлердин акырына чейин изин кууйбуз жана алар жасаган иштери үчүн жазаланарын билиши керек».

Сөзүнүн аягында Хатами өлтүрүү үчүн айыптоо билдирүүсүн жиберген өлкөлөргө жана топторго ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле унчукпай отурган мамлекеттерге жана эл аралык мекемелерге реакция жасады.



Тектеш кабарлар