Беларустагы митингдерде 250 киши кармалды

Баш калаа Минск шаарында нааразычылык акциясына чыккандар шаардын борборунан алыс жайгашкан турак-жай конуштарында өзүнчө топторго чогулушуп ураан чакырышты.

1536636
Беларустагы митингдерде 250 киши кармалды

Беларуссияда өкмөткө каршы нааразычылык акцияларын уюштурган 250гө жакын адам кармалды.

Баш калаа Минск шаарында нааразычылык акциясына чыккандар шаардын борборунан алыс жайгашкан турак-жай конуштарында өзүнчө топторго чогулушуп, терроризмди үгүттөөгө тыюу салынган социалдык медиа аккаунт аркылуу берилген көрсөтмөлөрдү камтыган ураандарды чакырышты.

Айрым жолдорду тосуп, унаа агымын токтоткон демонстранттар полициянын кийлигишүүсү менен тарап кетишти. Демонстранттардын полициядан качып кетишине жол бербөө үчүн аймактагы соода борборлору бир азга эшиктерин жаап турууга аргасыз болушту.

9-августта Беларуссияда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко жеңип чыгып, андан кийин "шайлоо манипуляцияланган" деген айып менен нааразычылык акциялары башталган.

Өлкөдө ар бир дем алыш күндөрү уланган демонстрацияларда мурдагы жумаларга салыштырмалуу азайган демонстранттар президент Лукашенкодон өз ордун таштап кетишин талап кылышты.



Тектеш кабарлар