Армениянын президенти өкмөттүн кетишин талап кылды

Армен Саркисян Россиядагы армян коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Армения өкмөтүн сынга алды.

1536835
Армениянын президенти өкмөттүн кетишин талап кылды

Армениянын президенти Армен Саркисян өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылды.

Армен Саркисян Россиядагы армян коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Армения өкмөтүн сынга алды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Тоолуу Карабах маселеси боюнча Азербайжан менен келишим түзүүгө мажбур болуусун жана Карабахтан армяндарды чыгарып кетүүсүн "чоң трагедия" деп сыпаттаган Саркисян мындай деди: «Мындай чоң трагедия болгон кайсы гана мамлекетте болбосун, аны чечүү жолу бар. Буга себеп болгон өкмөт кетиши керек»,-деп айтты.

Саркисян өлкөдөгү кырдаалдын мындан эки жыл мурун шайлоо болуп өткөндөн такыр башкача экендигин белгилеп, убактылуу улуттук биримдик өкмөтүн түзүүнү жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону сунуш кылды.

Бардык партиялар макул боло турган технократиялык өкмөттү түзүүнү сунуштаган Саркисян бул өкмөт 6 ай же 1 жыл иштеп, өлкөнү эрте шайлоого алып барышы мүмкүн деп билдирди.

Саркисян ошондой эле жаңы шайлоого чейин өлкөдө конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү суранды.

Арменияда президент же премьер-министр өлкө үчүн маанилүү чечимдерди жалгыз өздөрү кабыл албашы керектигин жактаган Саркисян, президентти азыркыдай парламент эмес, жалпы элдик добуш менен шайлаш керек деп билдирди.



Тектеш кабарлар