Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 459 миңден ашты.

1536273
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19 genel
radar covid.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 459 миңден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 62 миллион 649 миңден ашса, айыккандардын саны 43 миллион 264 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 272 миң 254төн, ал эми жуккан адамдардын саны 13 миллион 610 миң 357ден ашты.

Эпидемиядан улам Италияда каза болгон адамдардын саны акыркы 24 саатта 686га көбөйүп, 54 миң 363кө, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 26 миң 323кө көбөйүп, 1 миллион 564 миң 532ге жетти.

Францияда акыркы суткада 213 адамдын коронавирустан каза болушу менен, адамдардын өлүмү 52 миң 127ге чейин көбөйдү. Өлкөдө вирустар менен аныкталган адамдардын саны 2 миллион 208 миң 699 болду.

58 миң 30 адам каза болуп, 1 миллион 605 миң 172 адам вирус жуккан борбор шаар Лондондо Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына каршы көрүлгөн чараларга каршы уюштурулган демонстрацияда кеминде 150 адам кармалды.

Ковид-19дан улам кээ бир башка өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

«Бразилия (172 миң 637), Мексика (105 миң 459), Испания (44 миң 668), Аргентина (38 миң 322), Колумбия (36 миң 401), Перу (35 миң 879), Польша (16 миң 746), Бельгия (16 миң 461), Германия (16 миң 377), Чили (15 миң 322), Эквадор (13 миң 371), Украина (12 миң 213), Канада (11 миң 976) жана Румыния (11 миң 45)»

 



Тектеш кабарлар