Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Ковид  - 19 эпидемиясынан улам Россияда каза болгондордун саны 39 миң 68 болду. Өлкөдө вирус жуккан киши саны 2 миллион 242ден ашты.

1536003
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 452 000ден жогорулады. Бейтап саны 62 миллион 135 000lен, айыккандардын саны 42 миллион 931ден ашты.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 136 299га жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 9 миллион 358 819га чыкты.

Иранда Ковид  - 19 эпидемиясынан акыркы 24 саатта 391  киши дагы каза болду жана 13 402 жаңы учур катталды. Ушундайча өлкөдө вирустан 47 486 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны да 935 799га жогорулады.

Ковид  - 19 эпидемиясынан улам Россияда каза болгондордун саны 39 миң 68 болду. Өлкөдө вирус жуккан киши саны 2 миллион 242ден ашты.

1323 киши каза болгон Азербайжанда 4 212  киши каииалып "ушул күнгө чейинки эң жогорку күнүмдүк сан" болуп катталды. вирус жуугзгандардын саны 114 000ден ашты. 

522 киши каза болгон Түштүк Кореяда акыркы 3 күндөн бери 500дөн ашуун жаңы учур катталууда. Өлкөдө акыркы 24 саатта 504  жаңы бейтап белгиленди. Вирус жугузгандардын жалпы саны 33 375ке жогорулады.

Эпидемия ортого чыккан жана ушул күнгө чейин 4 634 киши каза болгон Кытайда акыркы бир күндө Ковид  - 19дан улам каза болгондор болгон жок. Бейтап саны 6га көбөйүп 86 501 болду.

Японияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2000ден, вирус жугузгандардын саны да 139 400дөн ашты. Премьер  - министр Суга Йошихиде : «Турмушту жана өмүрдү коргоого өзгөчө көңүл буруу менен адамдардын колдоосу менен эпидемиянын жайылышын ийгиликтүү түрдө токтотуубуз керек»,- деди.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан улам каза болгондолрдун саны 51 354кө, вирус жуккан киши саны 2 миллион 150 миң 97ге жогорулады. Материкте Ковид  - 19дан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада 24 378 кишинин каза болгондгу катталды. Египетте 6608, Мароккодо 5689 киши каза болду.

Сейшеллдер менен Эритреяда эпидемиядан каза болгондор тууралуу отчет берилген жок.

Түштүк Африкада вирус жугузгандардын саны 781 941ге жетип, бул өлкөдөн кийин 345 276 бейтап менен Марокко, 114 832 бейтап менен Египет келди.



Тектеш кабарлар