Ирандык жетекчилер Фахризаденин өлтүрүлүшү туралуу Израилди күнөөлөштү

Ирандын лидери Али Хаманей бийликтен ирандык өзөктүк илимпоз Мухсин Фахризаденин өлтүрүлүшүнө байланыштуу изилдөөнү улантууну суранды.

1535993
Ирандык жетекчилер Фахризаденин өлтүрүлүшү туралуу Израилди күнөөлөштү

Ирандын лидери Али Хаманей бийликтен ирандык өзөктүк илимпоз Мухсин Фахризаденин өлтүрүлүшүнө байланыштуу изилдөөнү улантууну суранды.  

Али Хаманей борбор шаар Тегеранда учураган кол салууда өлтүрүлгөн Фахризаде кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады. Фахризадени өлтүргөндөрдү «жалданма киши өлтүргүч жана зулумдар» деп мүнөздөгөн Хаманей билдирүүсүндө : «Жетекчилер кылмышты изилдеши керек. Мыйзам бузуучулар жана шыкакчылар жазаланышы керек. Фахризаденин бардык илимий жана технологиялык тармактардагы иштери улантылышы керек»,- деди.

Ошол эле учурда Ирандын өзөктүк программасынын куруучуларынан болгон Мухсин Фахризаденин кол салууда өлтүрүлүшүнөн Израиль жооптуу болууда.

Президент Хасан Рухани Ирандын өзөктүк программасынын куруучуларынан окумуштуу Фахризаденин өлтүрүлүшүнүн Израилдин тузагы экендигин жана кол салууга карата жооптун ылайыктуу бир убакта берилерин айтты.

Израилдин тузагына түшпөй тургандарын баса белгилеген Рухани : «Ирандын душмандары Иран улутунун жана жетекчилеринин бул кылмышка жооп кайтара турганчалык тайманбас экендигин жакшы билишет. Тийиштүү жетекчилер бул кылмыштын жообу ылайыктуу бир учурда берет. Элибиз сионист режимдин тузагына түшпөй турганчалык акылдуу жана акылман»,- деди.

Ирандык жетекчилер тарабынан берилген маалыматтарда коргоо министрлигинин Изилдөө жана инновация мекемесинин төрагасы катары да кызмат кылган өзөктүк физикачы Фахризадеге жасалган кол салуунун аткаруучусу катары Тель Авив башкаруусу көрсөтүлдү.

Иран расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Иран парламентинин спикери Мухаммед Бакыр Калибаф  : «Өлкөнүн алдыңкы окумуштуусу Мухсин Фахризадеге каршы жасалган кол салуу дагы бир жолу сионист режимдин кек жана жамандык менен толгон булганычтуу жүзүн Иран калкына көрсөттү»,- деди. Калибаф окуянын аткаруучуларынын убагы келгенде «так» жообун аларын белгиледи.

Калибаф окуянын аркасындагы күчтөрдүн эч качан максатына жетпей тургандыгын жана Ирандын аскердик, өзөктүк жана ракета программалары менен башка тармактардагы өнүгүүсүнүн улантыларын айтты.

Тышкы иштер министри Мухаммед Жеваж Зариф да кол салууда Израилдин ролу бар экендиигне байланыштуу олуттуу белгилердин бар экендигин айтты. «Бул кол салуу Израилдин ролуна байланыштуу олуттуу белгилер менен бирге аткаруучуларынын үмүтсүз согуш көкүтүүчүлүгүн көрсөтүүдө»,- деген Зариф Европа Биримдигин кош стандартты таштоого чакырды.

Фахризаденин өлкөнүн коргоо өнөр жайында маанилүү салым кошкондугун баса белгилеген башкы штабдын төрагасы генерал  - майор Мухаммед Бакыри да кол салуу тууралуу Израилди күнөөлөдү жана : «Террордук топор, бул кыймылды аткаруу буйругун бергендер жана аткаруучулар катуу өч алуу аларды күтүп жатканын билиши керек»,- деди.

Коргоо министри Эмир Хатеми Фахризаде чыгарган технологиялык жаңылыктардын өлкөнүн коргонуу өнөр жайына кошкон салымдарынын жанында коронавирус менен күрөшүүгө да салым кошкондугун айтты.

Чалгындоо министри Махмуд Алеви да аткаруучуларды аныктоо үчүн иштердин башталгандыгын жана кол салууну жасагандардан өч алышарын билдирди.

Иран Төңкөрүш Гвардиясынын башкы командири Хүсейин Селами да Фахризаденин өлүмүнөн Израилдин жооптуу экендигин айтып Тель Авив башкаруусун коркутту.

Израиль премьер  - министри Беньямин Нетаньяху 2018 -  жылы Израиль чалгындоо кызматы Моссаддын Иран атомдук эмгектеринен алынгандыгын айткан көп сандаган документти коомчулук менен бөлүшкөн.

Бул жыйында Нетаньяху Фахризаденин Амад аттуу бир долбоордун башында экендигин ортого салып жана «Бул жыйында Нетаньяху Фахризаденин Амад аттуу бир долбоордун башында экендигин ортого салып : «Бул ысымды унутпагыла»,- деген.



Тектеш кабарлар