COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарууда.

1535889
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Arnavutluk korona durumu_1.jpg
super foto fransa korona.jpg
fransa korona super foto.jpg
Yunanistan Lockdown Koronavirüs Covid-19_1.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 449 миң 800дөн ашты. Вирус менен ооругандардын саны 62 миллион 37 миңден, ал эми айыккандардын саны 42 миллион 831 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пандемиянын себебинен каза болгондордун саны 271 миңден, жуктуруп алгандардын саны болсо 13 миллион 454 миң 300дөн ашты. Пандемияга байланыштуу кээ бир америкалык жана европалык авиакомпаниялар учуу алдында тест талап кылуу чечимин кабыл алышты. Кээ бир саякаттарда 3 саат мурун тез натыйжаларды берген акысыз тест талап кылынат. 7-декабрдан баштап Хьюстондон учуп чыккан айрым Латын Америка өлкөлөрүнө карай учактар да ушул тартипке киргизилет.

16 миң 172 адам каза болуп, 1 миллион 27 миң 300дөн ашуун адам вирус жуктурган Германияда, ушул айдын башынан баштап жаңы учурлардын көбөйүшүн азайтуу үчүн киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү 20-декабрга чейин узартылды. Ага ылайык театрлар, кинотеатрлар, опера жана концерт залдары 20-декабрга чейин жабык, спорт залдар, бассейндер, көңүл ачуучу жайлар, массаж жана косметикалык залдар иштебей калат. Ресторандар, барлар жана пабдар жабык бойдон кала берет, бирок ресторандар пакет кызматын көрсөтө алышат. Университеттер аралыктан билим беришет.

Пандемиянын кесепетинен айрым берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (171 миң 998), Мексика (104 миң 873), Англия (57 миң 551), Италия (53 миң 677), Франция (51 миң 914), Испания (44 миң 668), Аргентина (38 миң 216), Колумбия (36 миң 214), Перу (35 миң 839), Бельгия (16 миң 339), Польша (16 миң 147), Чили (15 миң 278), Эквадор (13 миң 358), Украина (11 миң 909), Канада ( 11 миң 894) жана Румыния (10 миң 884).



Тектеш кабарлар