Лавров - Зариф сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Тоолуу Карабах, Сирия, Перс булуңу, Йемен жана Афганистандагы кырдаал талкууланды.

1533566
Лавров  - Зариф сүйлөшүүсү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф телефон аркылуу сүйлөштү.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, телефон аркылуу сүйлөшүүдө Тоолуу Карабах, Сирия, Перс булуңу, Йемен жана Афганистандагы кырдаал талкууланды.

Жолугушууда Россия менен Ирандын ортосундагы эл аралык платформалардагы кызматташтык, анын ичинде Иран өзөктүк программасы боюнча Биргелешкен Аракеттер Планы темасы талкууланды.

Жолугушууда ошондой эле эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча диалогду улантуу чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар