Кытай Chang'e 5 унаасын космоско учурду
Унаанын айга барышы 3 күнгө созулары маалымдалды.

Кытай айдын бетинен үлгүлөрдү чогултууну пландаган Chang'e 5 унаасын космоско учурду.
Long'e 5-Y ракетасы менен Винцандагы борбордон Chang'e 5тин 4 модулунун учурулгандыгы билдирилди. Унаанын айга барышы 3 күнгө созулары маалымдалды.
АКШнын авиация жана космостук агентти НАСАнын билдиргенине караганда Америка Кошмо Штаттарынын авиация жана космос агенттиги (НАСА) билдиргендей, Chang'e 5тин негизги милдети айдын бетин казып, 2 килограммдык үлгүнү жерге алып келүү.
Chang'e 5 эгерде бул тапшырманы ийгиликтүү аткара турган болсо Кытайдын космостук программасында маанилүү өнүгүү болору белгиленди.
2019 - жылы Chang'e 4 роботтук унаасын айдын караңгы жүзүнө кондурган Кытай муну ийгиликтүү аткарган биринчи өлкө болгон.
Тектеш кабарлар

Ковид - 19 вакцинасын алууну эң көп каалагандардын саны Британияда
Британияда катышуучулардын 73 пайызы вакцина алышарын айтса, Данияда бул катнаш 70 пайыз болду.