Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун вакцина тууралуу билдирүүсү

Гебреисус уюмдун Швейцариядагы борбордук кеңсесинде видео конференция аркылуу жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

1533152
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун вакцина тууралуу билдирүүсү

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус: «(Коронавирустун жаңы түрүнө каршы Ковид-19) Вакциналарды сыноодон алынган акыркы позитивдүү жаңылыктар менен, бул узун жана караңгы туннелдин аягындагы жарык уламдан-улам жаркырай баштады»,- деди.

Гебреисус уюмдун Швейцариядагы борбордук кеңсесинде видео конференция аркылуу жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

Ковид-19 вакцинасын изилдөөдөн келип чыккан жагымдуу жаңылыктардан канааттангандыгын билдирген Гебреисус, вакцинаны иштеп чыгууда көрсөтүлгөн ылдамдык алардын адилеттүү бөлүштүрүлүшүндө да көрсөтүлүшү керек деп эскертти.

Тарыхта ушул кезге чейин эч кандай эпидемияга каршы мынчалык тез вакцина иштелип чыга электигин баса белгилеген Гебреисус: «Вакциналарды сыноодон алынган акыркы позитивдүү жаңылыктар менен, бул узун жана караңгы туннелдин аягындагы жарык күндөн-күнгө жаркырап баратат. Учурда, сыналган вакциналар башка коомдук саламаттыкты сактоо чаралары менен бирге эпидемияны токтотууга жардам берет деген үмүт бар»,-деп баасын берди.

Илимпоздор вакцинаны иштеп чыгууда жаңы стандартка жетишкенин айткан Гебреисус: «Азыр эл аралык коомчулук (вакциналар үчүн) жеткиликтүүлүктүн жаңы стандартын орнотушу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар