Индонезияда сел жүрдү

селден улам 1000ден ашуун үй суу астында калды.

1532728
Индонезияда сел жүрдү

 Индонезиянын Түндүк Суматра провинциясында селден улам 1000ден ашуун үй суу астында калды.

Суматра провинциясынын Лангкат аймагында кечээ катуу жааган жамгыр 11 жерде селдин жүрүшүнө себеп болду.

iNews интернет сайтынын кабарына караганда селде суу деңгээли түрдүү жерлерде 1 метрге чейин жогорулады. Жалпы аймакта 1078 үй суу астында калды.

Аймакта жаап жаткан жамгырдан улам ыктымалдуу сел жана суу ташкыны коркунучуна каршы элге эскертүү берилди.

Экватор муунундагы Индонезияда өзгөчө октябрь жана апрель айларынын арасында бат  - бат суу ташкындары жана жер көчкүлөр болууда.



Тектеш кабарлар