Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус адам өмүрүн алууну улантууда.

1532837
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавиурстан улам каза болгондордун саны 1 миллион 395 296ден ашты. Бейтап саны 58  миллион 76 000ден, айыккандардын саны 40 миллион 833 000ден жогорулады.

Индияда коронавирустан каза болгондордун саны 133 773кө, вирус жуктургандардын саны болсо 9 миллион 140 312ге жетти.

Россияда жаңы тип коронавирустун айынан акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 361ге көбөйүп жалпы саны 36 540ка жетти. Өлкөдөгү бейтап саны бир күндө 25 100гө өсүп 2 миллион 114 502ге жогорулады.

Ушул кезге чейин коронавирустан 11075 киши каза болуп, 635 689 киши вирус жугузган Украинада президент В. Зеленский  фейсбуктан берген маалыматта тесттеринин жыйынтыгы негатив чыккандыгын жана кадимки шарттарда иштей баштагандыгын билдирди. Зеленский 9 -  ноябрда Ковид  - 19  тестинин позитив чыкканын жарыялаган. 

Газада вирустан улам каза болгондордун саны 65ке, бейтап саны бейтап саны да 14768 болду. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирус бейтаптарынын санындагы өсүүдөн улам Газада саламаттык сактоо системасы кыйрашы мүмкүн деп эскертти.

Японияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2000 ашып, жалпы өлкөдө күнүмдүк бейтап саны 2000ден жогорулагандыктан ички туризмдин жандандырылышына карата берилген «Саякатка чык» жана «Тамакка чык» деген колдоолор токтотулат. Кабинеттин Ковид  - 19  боюнча чараларынан жооптуу мүчөсү Нишимура Ясутоши чаралардын «эпидемиянын өзгөчө кырдаал шарттарына айландырылбастан» дароо көрүлүшү керектигин айтты.

Африка материгинде эпидемиядан улам  49 802 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 2 миллион 82  702ге жогорулады. Материкте эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада каза болгондордун саны 20 903 болуп катталды. Египетте 6548, Мароккодо болсо 5 316 киши каза болду.

Сейшеллдер менен Эритреядан өлүм – житим тууралуу отчет берилген жок. Түштүк Африкада бейтап саны 767 679га жетти. Бул өлкөдөн кийин 324 941 бейтап менен Марокко жана 113 27 бейтап менен Египет келди.



Тектеш кабарлар