Тоолуу Карабахта орус аскерлери жайгаштырылды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу В. Путин менен өткөргөн жыйында Тоолуу Карабахтагы абалга байланыштуу маалымат берди.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тоолуу Карабахка орус аскерлеринин жайгаштырылып бүткөндүгүн билдирди. Шойгу президент В. Путин менен өткөргөн жыйында Тоолуу Карабахтагы абалга байланыштуу маалымат берди.
Россиянын аскерлерин аймакка жайгаштыруу иштеринин аяктагандыгын жана милдетин аткаргандыгын билдирген Шойгу 10 - ноябрда Тоолуу Карабахтагы кагылышууларды токтоткон келишим түзүлгөндөн бери Россиядан 250 учак каттамы менен аймакка аскер жана курал – жарактардын жиберилгендигин белгиледи.
Шойгу аймакка 1960 аскер, 552 унаа жана курал - жарактын көзөмөлдөө жери курулган 23 аймакка жеткирилгендигин билдирди.
Түркия менен Россиянын ортосунда ок атышпоо келишимин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен борбордун позициясы жана милдети жөнүндө маалымат берген Шойгу : «Азербайжан жерлеринде ок атышпоону көзөмөлдөө үчүн түрк - орус биргелешкен борбордун курулушу тууралуу меморандумдун алкагында түрк тарабы менен биргелешкен борбордун орду жана милдети тууралуу келишим аяктап баратат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.