Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарууда.

1531644
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Arnavutluk_Ogerta Manastirliu_korona.jpg
Koronavirüs dünya.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 378 миңден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 57 миллион 961 миңден, ал эми айыккандардын саны 40 миллион 151 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны 260 миң 283кө жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 12 миллион 274 миңден ашты. АКШда Ковид-19га кабылгандардын саны тездик менен көбөйүп коркунучтуу деңгээлге жеткенде, кээ бир штаттардагы ооруканалардын толгону калганы белгиленди. Президент Дональд Трамптын кичүү уулунан да коронавирус табылгандыгы кабарланды. АКШнын президенти Дональд Трамп, Pfizer жана берки фармацевтикалык компанияларды шайлоо бүткөнчө Ковид-19 вакцинасына байланыштуу маалыматтарды жарыялаган жок деп айыптады.

Англияда вирустун айынан каза тапкандардын саны 54 миң 286га жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 473 миңди түздү.

Италияда коронавирус пандемиясынан каза болгондордун саны 48 миң 569, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миллион 345 миң деп катталды.

Францияда Ковид-19дун кесепетинен акыркы 24 саатта ооруканаларда 386 адам жана акыркы 3 күндө карылар үйүндө 757 адам каза болду. Ушундайча вирустан каза болгондордун саны 48 миң 265ке жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны болсо акыркы 24 сааттын ичинде 22 миң 882ге көбөйүп 2 миллион 109 миңге жогорулады.

Испанияда Ковид-19дун айынан 42 миң 619 адам көз жумуп, илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 589 миңге жетти.

Грецияда каза болгондордун саны 1 миң 347ни түздү. Өлкөдө ооруну жуктургандардын саны 85 миң 261ге жетти.

Коронавирустан улам берки өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Бразилия (168 миң 662), Мексика (100 миң 823), Аргентина (36 миң 790), Перу (35 миң 484), Колумбия (34 миң 929), Бельгия (15 миң 352), Чили (15 миң 3), Германия (14 миң 76), Эквадор (13 миң 95), Польша (12 миң 714), Канада (11 миң 334) жана Украина (10 миң 598)



Тектеш кабарлар