ЕБнин Беларуска киргизген санкцияларын бир канча өлкө колдоду

Европа Кеңешинин билдирүүсүндө Украина, Түндүк Македония, Албания, Черногория, Исландия, Лихтенштейн жана Норвегиянын кеңештин чечимине макул болгондугу белгиленди.

1531783
ЕБнин Беларуска киргизген санкцияларын бир канча өлкө колдоду

Европа Биримдиги (ЕБ) Беларусь администрациясынан 40 адамга киргизген санкция чечимине Украина менен бир канча өлкөнүн да кошулганын билдирди.

Европа Кеңешинин билдирүүсүндө Украина, Түндүк Македония, Албания, Черногория, Исландия, Лихтенштейн жана Норвегиянын кеңештин чечимине макул болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө Евробиримдиктин бул чечимди кубаттагандыгы айтылды.

ЕБ Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоону бурмалап, демонстранттарга жана оппозицияга кысым көрсөткөн деген жүйө менен 40 адамга санкция жарыялоону чечкен болчу.



Тектеш кабарлар