БУУнун Ливия атайын өкүлчүлүгүнө Николай Младенов дайындалды

Мурдагы ливандык өкүл Селаме 2017 -  жылы июнь айында бул кызматка дайындалып, 2020 -  жылы март айында «ден соолугуна» байланыштуу арыз берген.

1531703
БУУнун Ливия атайын өкүлчүлүгүнө Николай Младенов дайындалды

БУУнун Ливия атайын өкүлчүлүгүнө болгарь дипломат Николай Младенов дайындалды.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш БУУнун Коопсуздук Кеңешине жиберген катта Гассан Селаменин арыз беришинен кийин узун убакыттан бери бош болгон бул кызматка азыркы учурда БУУнун Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин атайын координатору болгон Николай Младеновду дайындагандыгын билдирди.

Мурдагы ливандык өкүл Селаме 2017 -  жылы июнь айында бул кызматка дайындалып, 2020 -  жылы март айында «ден соолугуна» байланыштуу арыз бергенден кийин БУУда Ливия дипломатиясын жүргүзө турган ысым 8 айдан бери белгилене элек болчу.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши сентябрь айында БУУнун Ливиядагы Колдоо Миссиясын экиге бөлүү, саясий процессти жана эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган атайын өкүлү менен Ливиядагы БУУнун Колдоо Миссиясынын (UNSMIL) күнүмдүк иш - аракеттерин жүргүзө турган өзүнчө координаторду дайындоо чечимин кабыл алган.

Координаторлукка Африкадан бир ысымдын алып келиниши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар