COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1530572
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
fransa korona super foto.jpg
super foto fransa korona.jpg
Arnavutluk korona hastanesi.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 355 миң 700дөн ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 56 миллион 614 миңден, ал эми айыккандардын саны 39 миллион 409 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун кесепетинен каза болгон адамдардын саны 256 миң 262ге, бул илдетке чалдыккандардын саны 11 миллион 873 миң 863кө жетти. Америкалык Илимпоздор Федерациясы (FAS) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, өлкөдө көптөн бери Ковид-19дун учурларында биринчи орунда турган Түндүк Дакотанын дүйнөдө вирустун пандемиясынан эң көп өлүм катталган жер экени белгиленди. Ошол эле учурда пандемия кайрадан күчөп жаткандыктан Нью-Йорктогу мектептер бүгүнтөн тарта кайрадан жабылат.

Англияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 529 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 53 миң 274кө жетти. 19 миң 609 жаңы учур менен бирге бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 430 миң 341 болду.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде пандемиядан улам 753 адам каза болуп жалпы 47 миң 217ни түздү. Вирусту жуктурган адамдардын саны болсо 34 миң 282ге көбөйүп 1 миллион 272 миң 352ге жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир күндө 351 адамдын каза болушу менен жалпы сан 42 миң 39га жогорулады. Ушул эле мезгилде 15 миң 318 учур катталып, ооруну жуктургандардын саны 1 миллион 525 миң 341ге жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта Ковид-19дун себебинен 79 адамдын каза болгонун жана 5891 жаңы учур катталганын билдирди. Өлкөдө адамдардын өлүмү 3 миң 632ге, ал эми жуктургандардын саны 236 миң 15ке жогорулады. 24-ноябрда аяктай турган өзгөчө кырдаалды узартуу жана пандемиянын күчөгөнүнө жараша чараларды 3 башка деңгээлде жүзөгө ашыруу көздөлүүдө.

Украинада акыркы 24 сааттын ичинде 257 адам каза болуп жалпы 10 миң 369га, ал эми жуктургандардын саны 13 миң 357ге көбөйүп 583 миң 510го жетти.

Латын Америка өлкөлөрүндө да каза болгондор жана учурлар көбөйүүдө. Айрым өлкөлөрдө кырдаал төмөндөгүдөй:

Бразилия 167 миң 455/5 миллион 945 миң 849, Мексика 99 миң 528 / бир миллион 15 миң 71, Аргентина 36 миң 347 / бир миллион 339 миң 337, Колумбия 34 миң 563 / бир миллион 218 миң 3, Эквадор 13 миң 52/182 миң 250, Гватемала 4 миң 8/116 миң 381.



Тектеш кабарлар