Moderna компаниясы Ковид-19 вакцинасынын 95,4 пайыз натыйжалуу болгонун жарыялады

Жүргүзүлүп жаткан изилдөөнүн алгачкы көрсөткүчү Ковид-19 вакцинасынын 95,4 пайыз натыйжалуу болгонун көрсөттү.

1529323
Moderna компаниясы Ковид-19 вакцинасынын 95,4 пайыз натыйжалуу болгонун жарыялады

BioNTechтен кийин америкалык Moderna биотехникалык компаниясынан да коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан вакцина жөнүндө үмүт берүүчү жаңылык келди.

Modernaнын айтымында, жүргүзүлүп жаткан изилдөөнүн алгачкы көрсөткүчү Ковид-19 вакцинасынын 95,4 пайыз натыйжалуу болгонун көрсөттү.

Компаниянын башчысы, доктор Степхен Хоге бул көрсөткүчтү "чындап эле маанилүү бурулуш жери" деп сыпаттады.

Эки башка компаниянын окшош жыйынтыктарынын "абдан жубатарлык" экендигин белгилеген Хоге: «Moderna өзү жалгыз бул көйгөйдү чече албайт. Дүйнөлүк суроо-талапты канааттандыруу үчүн көптөгөн вакциналарга муктаждык болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар