COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылууда.

1529051
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super foto fransa korona.jpg
korona iran 1.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 332 миңден ашты. Вируска кабылгандардын саны 55 миллион 350 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 38 миллион 494 миңге жетти.

252 миң 652 адам каза болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), илдетке чалдыккандардын саны 11 миллион 538 миңден ашты. Өлкөдө пандемия башталгандан 12-ноябрга чейин 1 миллион 39 миң 464 балага вирус жукканы белгиленди.

Улуу Британияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 52 миң 147ге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 1 миллион 390 миңге жогорулады.

Пандемиянын кесепетинен Испанияда адамдардын өлүмү 41 миң 253кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны да 1 миллион 521 миңге жетти.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде пандемиядан улам 504 адам каза болуп жалпы 45 миң 733 деп катталды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 27 миң 354кө көбөйүп 1 миллион 205 миң 81ге жетти.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун себебинен 508 адам каза болуп илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 45 миң 54 болду. Бир күндө 9 миң 406 жаңы учур катталган өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 991 миң 233кө жетти. Саламаттык сактоо министри Оливье Веран өз билдирүүсүндө, өлкө боюнча коменданттык сааттын киргизилиши менен вирустун жай жайылганын билдирди.

Ковид-19дан улам берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (166 миң 67), Мексика (98 миң 861), Перу (35 миң 271), Аргентина (35 миң 727), Колумбия (34 миң 223), Чили (14 миң 863), Бельгия (14 миң 616), Эквадор (13 миң 16), Германия (12 миң 891), Канада (11 миң 27) жана Польша (10 491).



Тектеш кабарлар