Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1528393
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 324 миңден ашты. Жуктуруп алгандардын саны болсо 54 миллион 818 миңге, ал эми айыккандардын саны 38 миллион 140 миңге жетти.

251 миң 901 адам каза болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ), ооруга чалдыккандардын саны 11 миллион 367 миңден ашты.

Улуу Британияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 51 миң 934кө, жуктуруп алгандардын саны болсо 1 миллион 369 миңге жогорулады. Премьер-министр Борис Жонсон коронавирус аныкталган адам менен байланышкандыгы үчүн өзүн карантинге алды.

Италияда коронавирустан каза болгондордун саны 45 миң 229га, ооруга чалдыккандардын саны болсо 1 миллион 178 миңге жетти.

Пандемиянын кесепетинен Испанияда адамдардын өлүмү 40 миң 769га жогорулап, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 492 миңди түздү.

Францияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 44 миң 548 деп катталды. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 1 миллион 981 миңге жетти.

Грецияда акыркы 24 сааттын ичинде 71 адам каза болуп, 1 миң 698 адамга Ковид-19 диагнозу коюлду. Өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 1 миң 106га, жуктуруп алгандардын саны 74 миң 205ке жетти.

Ковид-19дан улам кээ бир берки өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Бразилия (165 миң 811), Мексика (98 миң 542), Аргентина (35 миң 436), Перу (35 миң 231), Колумбия (34 миң 31), Чили (14 миң 819), Бельгия (14 миң 421), Эквадор (13 миң 8), Германия (12 миң 692) жана Канада (10 миң 953).



Тектеш кабарлар