Йоханссон: «Ислам Европа үчүн коркунуч эмес»

Европа Биримдигинин ички иштер министрлери терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүштү.

1527603
Йоханссон: «Ислам Европа үчүн коркунуч эмес»

Европа Биримдигинин (ЕБ) ички иштер боюнча комиссары Ильва Йоханссон Исламдын Европа үчүн коркунуч эмес экенин билдирди.

Европа Биримдигинин ички иштер министрлери, Франциянын борбор шаары Париждеги «Батаклан» театры менен «Стад де Франс» стадионунда болгон жана 130 кишинин өмүрүн алган кол салуулардын 5-жылында терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүштү.

Жыйындан кийин Ильва Йоханссон Швециянын мамлекеттик расмий маалымат агенттиги TTге билдирүү жасады.

Ислам жана иммиграция Европа үчүн коркунуч эмес экендигин айткан Йоханссон, экстремисттик фанаттар менен күрөшүү керектигин түшүндүрдү.

Йоханссон: «Ислам коркунуч эмес. Дин коркунуч эмес. Террористтер - коркунучтуу. Исламчыл кейпиндеги экстремисттер жана ашынган оңчул экстремисттер менен күрөшүү керек. Иммиграция да Европа үчүн коркунуч эмес»,-деди.

Имамдарды Батыш баалуулуктарына жараша окутуу пикирин да сынга алган Йоханссон: «Менимче диний лидерлерди окутуу ЕБнин ыйгарым укуктарынын катарына кирбейт»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар