COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1527683
COVID–19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 310 миңден ашты. Ооруга чалдыккандардын саны 53 миллион 796 миңди, ал эми айыгып кеткендердин саны 37 миллион 570 миңди түздү.

249 миң 998 адам каза болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жуктуруп алгандардын саны 11 миллион 66 миң 540тан ашты. АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байден 2021-жылдын 20-январына чейин президенттик кызматка отура албастыгын эске салып, Дональд Трамптын администрациясынан өлкөдө тездик менен көбөйүп жаткан коронавирустук учурларга каршы шашылыш чараларды көрүүнү суранды. Трамп болсо экинчи карантинге барбай тургандыктарын билдирип, Ковид-19га каршы апрелге чейин бардык америкалыктарга жете тургандай вакцина болорун билдирди.

Улуу Британияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 51 миң 304 деп катталды. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 317 миң 496га жетти.

Италияда коронавирустан каза болгондордун саны акыркы суткада 550гө көбөйүп 44 миң 139га жогорулады. 40 миң 902 адамдан вирус табылышы менен пандемия башталган февраль айынан бери өлкөдө бир күндөгү эң жогорку көрсөткүч катталды жана жуктургандардын жалпы саны 1 миллион 107 миң 303 адамды түздү.

Испанияда Ковид-19дан дагы 308 адамдын каза болушу менен жалпы 40 миң 769ду түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 21 миң 371ге көбөйүп, 1 миллион 458 миң 591 адамга жетти.

Португалияда каза болгондордун саны 3 миң 250, жуктургандардын саны 204 миң 664 деп катталды.

Францияда Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта ооруканаларда 456 адам жана акыркы 3 күндө карылар үйүндө 476 адам каза болуп жалпы 43 миң 892ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны акыркы суткада 23 миң 794кө көбөйүп 1 миллион 922 миң 504кө жогорулады.

Латын Америка өлкөлөрүндө Ковид-19 учурлары жана каза болгондор көбөйүүдө. Пандемиянын айынан Бразилияда 456, Мексикада 568, Аргентинада 264, Колумбияда 178, Чили менен Перуда 39дан, Эквадордо 31 адам каза болду.

Бул өлкөлөрдө каза болгондордун жана учурлардын саны төмөнкүчө:

Бразилия 164 миң 946/5 миллион 819 миң 496, Мексика 97 миң 624/997 миң 393, Аргентина 35 миң 45/1 миллион 296 миң 378, Колумбия 33 миң 669 / бир миллион 182 миң 697, Чили 14 миң 738/528 миң 30 , Перу 35 миң 106/932 миң 650, Эквадор 12 миң 977/178 миң 674.



Тектеш кабарлар