Кеме чөгүп кетип көп сандаган адамдар каза болду

Кемеде аялдар жана балдар менен кошо 120дан ашуун адам болгон.

1526912
Кеме чөгүп кетип көп сандаган адамдар каза болду

Ливиянын жээктеринде кеменин чөгүп кетишинен 74 мыйзамсыз мигрант көз жумду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык миграция уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, окуянун өлкөнүн порт шаары Аль-Хумс жээктеринде болгону кабарланды.

Билдирүүдө, кемеде аялдар жана балдар менен кошо 120дан ашуун адам болгон деп айтылды.

Окуяда кеминде 74 мыйзамсыз мигранттын каза тапкандыгы белгиленген билдирүүдө, балыкчылар жана жээк күзөт командалары куткарган 47 кишинин жээкке жеткирилгени маалымдалды.

Билдирүүдө издөө-куткаруу иштери улантылып, ушул убакка чейин 31 адамдын сөөгүнүн табылганы белгиленди.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы караганда, быйыл Жер Ортолук деңизи аркылуу Европанын жээктерине жетүүгө аракет кылган 900 мыйзамсыз мигрант чөгүп кетип каза болду. 



Тектеш кабарлар