Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Индияда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 128 686 болду. Өлкөдө бейтап саны  да 8 миллион 728 795ке  чыкты.

1527282
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

  Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион  301 000ден ашты. Бейтап саны 53 миллион 205000ден, айыккандардын саны 37 миллион 281 000ден ашты. 

Индияда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 128 686 болду. Өлкөдө бейтап саны  да 8 миллион 728 795ке  чыкты.

Иранда жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 461ге көбөйүп, 40 582ге жетти. Өлкөдө бейтап саны да 11 737ге көбөйүп 738 322ге жогорулады. 

Россияда  коронавирустан каза болгондордун саны 32 443кө жетти. Бейтап саны 1 миллион 880 500дөн ашты. Борбор шаар Москвада Ковид  - 19  бейтаптарынын көбөйүшү менен кээ бир чаралар кайрадан күн тартибине келди. Ушуга караганда шаарда 23:00 – 06:00 сааттарынын арасында көңүл ачуу жерлери, ресторан, бар жана кафелердин иштери токтотулду. Шаардагы университет жана жогорку билим берүү окуу жайлары дистанциялык билим берүүгө өтүп, спорттук иш чаралар атайын уруксат менен өткөрүлөт. Маданий иш чаралар болсо токтотулду. Бул көрүлгөн чаралар 2021 -  жылдын 15 -  январына чейин созулат.

Жалпы Африка материгинде 24 саатта Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 46 262ге жетти. Жалпы континентте ошол эле убакытта Ковид  - 19 аныкталгандардын саны 15 617ге көбөйүп, 1 миллион 946 369га жогорулады. Материкте коронавирустан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада 20 миң 76 өлүмдүн болгондугу катталды. Египетте 6 417, Мароккодо 4 570  киши каза болду. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму материкте Ковид  - 19дан улам каза болгондордун 18 пайызынын диабет оорулуусу экендигин билдирди.

Иорданияда вирустан каза болгондордун саны 1547ге жогорулап, 5 685 жаңы учур катталган өлкөдө бейтап саны да 132 миң 86га жетти. Туризм министри Наиф Феййаз да коронавирус жуктургандардын арасында.

Ливанда бир күндө вирустан 12 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгон киши саны 775 болду. Өлкөдө ошол эле убакытта 1874 кишинин вирус жуктурушу менен жалпы вирус жуктурган киши саны 100 миң 703кө жогорулады.

Ковид  - 19дан ушул кезге чейин 44 киши каза болгон Газада кечээ 311 кишинин вирус жуктургандыгы билдирилди. Бул сан Ковид  - 19 биринчи жолу чыккан март айынан бери эң жогорку күнүмдүк бейтап саны болуп катталды. Газа тилкесиндеги ички иштер министрлиги Ковид  - 19 бейтаптарынын көбөйүшү менен эпидемия чараларын күчөтүү чечимин чыгарды.

Коронавирустан улам Индонезияда 14 933, Иракта 11 532, Паикстанда 7092 киши каза болду.



Тектеш кабарлар