Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирустун жайылуусу токтой элек.

1526968
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 299 миңден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 53 миллион 92 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 37 миллион 213 миңге жетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дун айынан көз жумган адамдардын саны 248 миң 585ти түздү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны болсо 10 миллион 873 миң 936 деп катталды.

Англияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнөн улам 563 адамдын каза болушу менен жалпы сан 50 миң 928ге жогорулады. Өлкөдө акыркы суткада 33 миң 470 учур аныкталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны бир миллион 290 миң 195ке жетти.

Италияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 саатта 636 адам каза болуп жалпы 43 миң 589 деп катталды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 37 миң 978ге көбөйүп 1 миллион 66 миң 401ге жетти. Жуктургандардын санынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу өлкөнүн түндүгүндөгү Венето, Фриули-Венеция-Жулия жана Эмилия-Романья аймактарынын администрациялары, борбордук өкмөттүн макулдугу менен жаңы чектөө чараларын колдоно башташат.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 418 адам каза болуп жалпы 42 миң 960 болду. Бир күндө 33 миң 172 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны бир миллион 898 миң 710го жетти.

Испанияда, Ковид-19дан акыркы бир күндө 356 адамдын каза болушу менен адамдардын өлүмү 40 миң 461ге жогорулады. Ушул эле мезгилде 19 миң 511 учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 437 миң 220га жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 78 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дун айынан 5 миң 839 жаңы учур катталганын билдирди. Өлкөдө адамдардын өлүмү 3 миң 181ге, жуктургандардын саны болсо 198 миң 11ге жогорулады.



Тектеш кабарлар