Нигерияда холера эпидемиясы
Нигериянын Бенуе жана Ойо штаттарында холера эпидемиясынан 25 адам каза болду.
Нигериянын Бенуе жана Ойо штаттарында холера эпидемиясынан 25 адам каза болду.
Улуттук маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, Бенуе штатынын саламаттык сактоо жана калкты тейлөө боюнча комиссары Др. Эммануэль Иквулоно өз билдирүүсүндө, штаттын Окпейло - Отукпа аймагында холерадан 17 адамдын каза болгонун айтты.
Иквулоно эпидемияга байланыштуу штатта 1 адамдын дарылангандыгын белгилеп, эпидемияга байланыштуу эл дүрбөлөңгө түшүп жаткандыгын белгиледи.
Oyo State North Council Development компаниясынын өкүлү, өз штатындагы Ибадан шаарынын Лагелу аймагында холерадан 8 адам каза болуп, 10 адам ооруканага жаткырылды деген маалыматты бөлүштү.
Жетекчи таза суунун жана гигиенанын жетишсиздигинен улам ортого чыккан эпидемиянын коңшу мамлекеттерге жайылбашы үчүнчара көрө башташкандарын билдирди.