Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө.

1525743
Коронавирустун чыгыш өлкөлөрүндөгү жайылышы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 281 000ден ашты. Бейтап саны 51 миллион 894 000ден, айыккандардын саны 36 миллион 447 000ден жогорулады.

Индияда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 127 615ке жетти. Бейтап  саны 8 миллион  636 000 чыкты.

Сингапур жана Гонконг атайын башкаруу аймагынын ортосунда туризмди жандандыруу үчүн карантинге кирбестен бири бирине крата каттамдар 22 -  ноябрдан тарта башталат. 

Эпидемияны көзөмөлгө алган Кытайда акыркы 24 саатта каза болгондор болбогондугу билдирилди. Ковид  - 19дан ушул күнгө чейин 4 634  киши каза болгон Кытайда вирус жуккан киши саны 86 284кө жетти.

Иранда вирустан 39 202  киши каза болуп, вирус жугузган киши саны да  703 288 деп белгиленди.

Россияда вирустан каза болгондордун саны 31 593кө жетти. Өлкөдө бейтап саны 1 миллион 836 960 болду. Ошол эле учурда өлкөдө тастыкталган алгачкы Ковид  - 19  вакцина талапкери "Спутник Внын" 92 пайыз таасирдүү болгону жарыяланды. 

Тынч океанындагы арал коомчулугу Вануатуда Ковид-19дун биринчи учуру катталды.

Жалпы Африка материгинде Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 46025ке, вирус жугузгандардын саны 2 миллион 916 000ге чыкты. Континентте Түштүк Афоика эң көп киши каза болуп, каза болгондордун саны 19 951ге жетти. Египетте 6 394, Мароккодо 4 425 киши каза болду.



Тектеш кабарлар