Ай менен марста минералдык казууларды жүргүзсө болот

Жердеги бактерияларды Ай же Марста пайдалуу минералдарды алуу үчүн колдонсо болот деген божомолдор бар.

1525805
Ай менен марста минералдык казууларды жүргүзсө болот

Жердеги бактерияларды ай же марста пайдалуу минералдарды алуу үчүн колдонсо болот деген божомолдор бар.

Эл аралык "Nature Communications" журналында жарыяланган жаңы изилдөөлөргө караганда Эл аралык Космос Станциясында жүргүзүлгөн тажрыйбалардын натыйжасында, Жерден алып барылган бактериялык түрлөрдүн  ай жана марста көп кездешкен базальт ташынан аз кездешкен жер элементтерин чыгара алгандыгы ортого чыкты.

Британиялык илимпоздор "Sphingomonas desiccabilis" деп аталган бактерияларды космостук кен казууда колдонууга болуп же болбой тургандыгын түшүнүү үчүн  10 жыл короткон изилдөө учурунда, эксперимент үчүн ширеңке кутусунун көлөмүндө иштелип чыккан реакторлордун  2019 - жылдын июль айында SpaceX ракетасы менен Эл аралык Космос Станциясына өткөрүлүп берилгени билдирилди.

Илимпоздор космостук станциядагы 3 жумалык эксперимент "Айда жана марста биоминалануу мүмкүн экендигин түшүнүү жана Жерден тышкары техногендик индустрияны алдыга жылдыруу" жагынан абдан маанилүү экендигин билдиришти.



Тектеш кабарлар