Путин: «Акыркы кадамдарыбыз узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылат деп ишенем»

Владимир Путин Шанхай Кызматташтык Уюмунун лидерлеринин саммитине видеоконференция аркылуу катышты.

1525279
Путин: «Акыркы кадамдарыбыз узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылат деп ишенем»

Россиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабахта ок атышпоо жарыяланышын кубаттагандарын белгилеп: «Биздин акыркы кадамдарыбыз, Азербайжан менен Армения элдери үчүн узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылат деп ишенем»,- деди.

Владимир Путин Шанхай Кызматташтык Уюмунун лидерлеринин саммитине видеоконференция аркылуу катышып, кечээ кечинде Азербайжан менен Армениянын ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишимине баа берди.

Карабахта болгон окуяларды «трагедия» деп сыпаттаган Путин: «Кан төгүүнү токтото турган келишимдерге жетишкенибизди чоң кубаныч менен билдиргим келет. Бул акыркы кадамдар Азербайжан менен Армения элдерине узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылат деп ишенем»,-деп айтты.

Азербайжан менен Армения бүгүн түнү Түркия убактысы боюнча саат 00.00дон баштап ок атышпоого байланыштуу келишимге кол коюшкан болчу.

Келишимге ылайык, Азербайжан менен Армения көзөмөлдөгөн позицияларында калышат жана Армения айдын аягына чейин оккупацияланган Лачин, Келбажар жана Агдам аймактарынан чыгып кетет.

Орус тынчтык күчтөрүн аймакка жайгаштырууну көздөгөн келишимдин алкагында түрк жана орус аскерлеринен турган көзөмөл борбору да түзүлөт.



Тектеш кабарлар