Экономикалык кыйынчылыктар менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын ортосундагы байланыш
АКШдагы Пенсильвания университетинин медицина факультетинде изилдөө жүргүзүлдү.
Азык-түлүк коопсуздугу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун ортосунда байланыш бар экени аныкталды.
АКШдагы Пенсильвания университетинин медицина факультетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө Улуттук саламаттыкты сактоо статистикасы борборунун маалыматтары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжалары иликтенди.
Изилдөөнүн алкагында, 2011-2017-жылдардын аралыгында өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 20 жаштан 64 жашка чейинки жана 65 жаштан жогору адамдардын жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу өлүм жана азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли каралып чыкты.
Анда 2011-жылдан 2017-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугу жогору болгон аймактарда жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам өлүмдөрдүн, ар 100 миң адамда 82ден 87ге чейин жеткендиги жөнүндө тыянак чыгарылды.
Илимпоздор, бул изилдөөнүн негизинде экономикалык кыйынчылыктар менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын ортосундагы байланыштын дагы жакшыраак түшүнүктүү болгонун айтышты.
Изилдөөнүн жыйынтыктары "Circulation" журналына жарыяланды.