Иракта мамлекеттик кызматкерлер иш ташташтоо баштады

Иракта жүздөгөн мамлекеттик кызматкер айлык маяналары эки айдан бери берилбегендиктен каршылык көрсөтүү максатында жалпы иш таштоо баштады.

1524066
Иракта мамлекеттик кызматкерлер иш ташташтоо баштады

Иракта жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер эки айдан бери айлык маяналары берилбегендиктен каршылык көрсөтүү максатында жалпы иш таштоо баштады.

Дияла , Бабил, Ел  -  Мүсенна, Зикар жана Кербела шаарларында саламаттык сактоо, нефть, тейлөө жана билим берүү тармактарында иштеген жүздөгөн мамлекеттик кызматкер иш таштады. Мамлекеттик кызматкерлер айлык маяналары берилгенген чейин иш таштоону улантышарын билдиришти.

Нефть экспорттогон өлкөлөр уюму OPECтин курамындагы Сауд Арабиядан кийин чийки мунай өндүрүшүндө 2 - орунда турган Ирак дүйнөлүк рынокто мунай заттын баасынын төмөндөшүнөн улам экономикалык кризис жашап жатат.

Октябрь айында Ирак өкмөтү парламентке мамлекеттик кызматкерлердин маянамасын төлөө үчүн 41 триллион динар (болжол менен 34 миллиард доллар) ички карыз алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылган.



Тектеш кабарлар