Жо Байден жеңиш сөз сүйлөөсүн жасады

Байден жеңиш сөзүн Индия жана Кариб деңизинен чыккан, Делавэр штатындагы Вилмингтон шаарында вице-президент болуп шайланган Камала Харрис менен бирге жасады.

1523800
Жо Байден жеңиш сөз сүйлөөсүн жасады

3-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өткөн 59-президенттик шайлоодо жеңишке жетишип, АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байден өзүнүн жеңиш сөзүндө бөлүнүп-жарылууларды күчөткөн эмес, бириктирген президент болоорун айтты.

Байден жеңиш сөзүн Индия жана Кариб деңизинен чыккан, Делавэр штатындагы Вилмингтон шаарында вице-президент болуп шайланган Камала Харрис менен бирге жасады.

Харристин өзүн таанытышынан кийин элге кайрылган Байден, АКШ элинин ага болгон ишеними менен сыймыктангандыгын айтты.

Байден: «Бөлүнгөн эмес, бириктирген президент болууга убада берем. Мен кызыл же көк штат эмес, Америка Кошмо Штаттарын гана көргөн президент болом»,-деди.

Байден:«Мен президент Дональд Трампка добуш бергендердин көңүлү калгандыгын түшүнөм. Мен дагы эки жолу жеңилгем, бирок эми бири-бирибизге мүмкүнчүлүк берели. Азыр көңүл ооруткан сөздөрдү четке кагып, чыңалууну басаңдатып, бири-бирибизди угуп, эске алууга мезгил келди. Биз атаандаштарыбызга өз душмандарыбыздай мамиле кылууну токтотушубуз керек, алар биздин душмандар эмес, алар америкалыктар».

АКШны айыктыруунун, коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшүүнүн (Ковид-19), экономиканы өркүндөтүүнүн, системалуу расизмди жок кылуунун жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн башталышы керектигин белгилеген Байден, эпидемияга каршы күрөшүү планынын алкагында, «2021-жылдын 20-январында дүйшөмбү күнү. Биздин планыбызды турмушка ашыруу үчүн мен алдыңкы окумуштуулардан жана эксперттерден турган топ түзөм»,-деп айтты.

АКШнын вице-президенти болуп шайланган Камала Харрис болсо АКШ эли биримдикти, чындыкты жана илимди тандап алгандыгын айтып, жакшы келечекти бирге курабыз деп билдирди.

АКШнын жаңы күндү баштаганын айткан Харрис: «Мен бул кызматка келген биринчи аял болушум мүмкүн, бирок акыркы болуп калбайм»,-деди.

Алдыдагы жолдун оңой болбой тургандыгын айткан Харрис, «Биз дүйнө сыйлай турган президентти тандадык»,деген баасын берди.



Тектеш кабарлар