Германияда мечитке исламофобиялык мазмундагы коркунучтуу кат жиберилди

Франциянын түндүк батыш тарабындагы Нант шаарында да түрктөргө таандык дүкөнгө расалык кол салуу болду.

1523490
Германияда мечитке исламофобиялык мазмундагы коркунучтуу кат жиберилди

Германиянын Баден - Вюртемберг штатында Хуфинген шаарындагы мечитке исламофобиялык мазмундагы коркунучтуу каты почта аркылуу жөнөтүлдү.

Дин иштеринин Түрк - Ислам Биримдигине таандык Масжиди-Акса мечитине почта аркылуу жиберилген катта "Ислам Германияга да, Европага да таандык эмес" жана "Германиядагы исламды жана исламчыларды жок кылабыз" деп айтылган.

Дин иштеринин Түрк - Ислам Биримдиги Месжид-и Акса мечиттери коомунун төрагасы Хакан Ташдемир Хүфингенден 30 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Виллинген Швеннингенден почта аркылуу жиберилген каттын полицияга билдирилгенин жана полиция окуя боюнча териштирүү баштагандыгын айтты.

Франциянын түндүк батыш тарабындагы Нант шаарында түрктөргө таандык дүкөнгө расалык кол салуу болду.

Дүкөнгө жазылган жазууларда түрк жана исламга каршы билдирүүлөр орун алган.



Тектеш кабарлар