АКШдагы президенттик шайлоону Жо Байден жеңди

Невада, Аризона, Түндүк Каролина жана Жоржия штаттарында саноолор уланып жатканда Пенсильвания штатындагы саноо иштери аяктады.

1523740
АКШдагы президенттик шайлоону Жо Байден жеңди
Joe Biden .1.jpg

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 3-ноябрда өткөн 59-президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жетишти.

Американын Ассошиэйтед Пресс (AP) маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Байден Пенсильвания штатында өзүнүн атаандашы жана учурдагы президент Дональд Трампты жеңип, президенттик жарышта алдыга чыкты.

Невада, Аризона, Түндүк Каролина жана Жоржия штаттарында добуштарды саноолор уланып жатканда Пенсильвания штатындагы саноо иштери аяктады.

AP маалыматына караганда, Байден ал жерде 49,6 пайыздык добушка ээ болуп штаттын атынан 20 делегатты каттатты.

Ушундайча Пенсильвания штатын жеңип алгандыгы аныкталган Байден 284 Шайлоочулар Кеңешинин делегатын жиберүүгө укуктуу болду.

Байден дагы деле алдыда бараткан Жоржия, Невада жана Аризонаны Трамп жеңсе деле жыйынтыкка таасирин тийгизбейт.

Жо Байдендин шайлоодогу жеңишинен кийин Камала Харрис да теги иммигрант аял вице-президент катары тарыхта калды.

Харрис ошондой эле Калифорниянын сенатору болуп кызмат кылууда.

Жыйынтыгы жарыялангандан кийин тараптар билдирүү жасашты. Жо Байден: «Америка элинин мага жана вице-президент болуп шайланган Харриске көрсөткөн ишеними мени сыймыктандырды»,- деп айтса Дональд Трамп: «Эл өздөрүнө татыктуу добуштарга жана талап кылган демократияга ээ болгонго дейре токтобойм»,-деди.



Тектеш кабарлар