Египетте Хүсни Мубарак жана аялынын мүлкүн тоңдуруу чечими жокко чыгарылды
2011 - жылы Египеттин Апелляциялык соту Хүсни Мубарактын жана үй-бүлөсүнүн, ошол кездеги көптөгөн чиновниктердин мүлкүн тоңдуруу чечимин кабыл алган.
Египет соту каза болгон мурдагы президент Хүсни Мубарак жана аялынын мүлкүн тоңдуруу чечимин жокко чыгарды.
Египеттин расмий гезити Ахбар аль-Евмдин кабарына ылайык, тоңдурулган мүлктү башкаруу боюнча жооптуу Апелляциялык соттун төрагасы Бедри Абдулфеттах мурдагы президент Хүсни Мубарак жана аялынын мүлкүн тоңдуруу чечими жокко чыгарылганын билдирди.
Абдулфеттах Борбордук банктан сөз болуп жаткан жобону жоюуга байланыштуу зарыл болгон банктык жана юридикалык процедураларды жүргүзүүнү суранды.
Кабарларда аталган мүлктүн мазмунуна байланыштуу маалымат берилген жок.
Египетте 30 жылдык Хүсни Мубарактын бийлиги 2011 - жылдын 25 - январында башталган элдик көтөрүлүш менен аяктап, Мубарак мезгилиндеги министрлерге, саясатчыларга, чиновниктерге жана ишкерлерге каршы коррупция, пара алуу жана мыйзам бузуу айыптары боюнча ондогон сот иштери башталган.
2011 - жылы Египеттин Апелляциялык соту Хүсни Мубарактын жана үй-бүлөсүнүн, ошол кездеги көптөгөн чиновниктердин мүлкүн тоңдуруу чечимин кабыл алган.