Венадагы түрк каармандар массалык маалымат каражаттарынын чордонунда

Венадагы негизги гезиттердин бири "Kurier"  "Венадагы террордук кол салуунун 3 баатыры" деген макаласында эки түрк "ок жааган жамгырга" карабастан адамдарга жардам берүүдөн тартынышпагандыгын жазган.

1521635
Венадагы түрк каармандар массалык маалымат каражаттарынын чордонунда

Кечээ Австриянын борбору Венада болгон террордук кол салууда жаракат алгандыгына карабастан  2 адамга жардам берген Режеп Таййип Гүлтекин жана анын досу Микаил Өзен эл аралык массалык маалымат каражаттарынын кызыгуусун тартты. Өзгөчө Австриянын маалымат каражаттарынын көңүл чордонуна айланды.

Өлкөнүн негизги гезиттеринин бири "Kurier"  "Венадагы террордук кол салуунун 3 баатыры" деген макаласында эки түрк "ок жааган жамгырга" карабастан адамдарга жардам берүүдөн тартынышпагандыгын жазган.

Австриянын эң көп сатылган гезити "Кроне" Гүлтекин менен Өзендин сүрөттөрүн колдонуп "Бул кишилерге баатыр катары каралууда" деген макаласында эки каармандын саясында  жараланган бир аял менен бир полициянын куткарылгандыгын белгилеген.

Гезит эки түрктүн кагылышуунун  ортосунда калган эки адамды куткаргандыгын жана терроризмдин адамдардын жанын алышына жол бербегендигин жазган.

Өлкөдөгү бир нече  менчик телеканалдардын бири Plus24 социалдык тармактарда Өзендин билдирүүлөрүн сүрөттөрү менен "Венадагы кол салуунун баатырлары" деген аталышта бөлүштү. Миңдеген адам  сүрөттөрдүн астына оң пикирлерин жазышкандыгы  көңүлдөрдү бурду.

Гүлтекин менен Өзендин тайманбастыгы Германиянын ZDF каналында кеңири чагылдырылса, Британиянын коомдук телекөрсөтүүсү Би-Би-Си жаштардын жардамын : "Венадагы кол салууда  жардам берген 3 адам мактоого татыктуу" ,- деп жарыялады.

Австриянын борбору Венада кечээ болгон террордук кол салууда төрт адам каза болду. Кол салуучу коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынды.



Тектеш кабарлар