Идлибде Башар Асад күчтөрү жарандарга кол салды
Кол салууда 7 жаран каза болуп, 13 жаран жаракат алды.
1521651

Сириядагы Башар Асад режими күчтөрү тарабынан Идлиб шаар борборундагы жана анын тегерегиндеги райондордогу калктуу конуштарга жасалган кол салууларында 7 жаран каза болуп, 13 жаран жаракат алды.
Идлиб жарандык коргонуу (Ак шлемдер) булактарынан алынган маалыматка караганда, режим күчтөрү тарабынан уюштурулган кол салууларда жалпысынан 7 жаран каза болду, Жерихо районунда 4, Кеферье айылында 2, Идлиб шаар борборунда 1 жаран каза блуп, 13 жаран жаракат алды.
Жаралуулар тегеректеги ооруканаларга жеткирилди жана кол салуулардын улантлылышынан улам каза болгондордун саны дагы да көбөйөт деген кооптонуу бар.