Кытайда суюлтулган газ терминалында өрт чыкты
Өрттө 5 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
1521080

Кытайдын түштүгүндө суюлтулган газ (LNG) терминалында чыккан өрттө 5 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
Синьхуа агенттиги өлкөнүн Вьетнамдын чек арасындагы Гуанши Куанг автономиялуу аймагынын жооптуу кызматкерлерине таянып берген кабарга караганда, кечээ түштө Тиешан портундагы LNG терминалында өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен 5 адам каза болду, 3 адам жаракат алды, 1 адамдан кабар алына албай жатат.
Өрт өчүргүчтөрдүн кийлигишүүсүнөн кийин өрттүн көзөмөлгө алынгандыгы, окуяга байланыштуу тергөө иштеринин башталгандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар

ТРАППИСТ - 1 жылдыз системасындагы планеталар
Жерге жакын өлчөмдөгү асман телолорунун орточо тыгыздыкка ээ экендиги аныкталды.