Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Россияда акыркы 24 саатта Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  238 кишиге көбөйүп 28 476 болду.

1520419
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө  жаңы тип  коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 207 85тен ашты. Бейтап  саны 46 миллион  967 000ден,  ал эми айыккандардын саны 33 миллион 852 540тан ашты.  

Индияда Ковид -19дан каза болгондордун саны 122 728ге жогорулады. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 240 208ге жетти.  Индия  вирустан эң көп киши каза болгон үчүнчү өлкө.

Ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 35 738 киши каза болуп, 628 78 киши вирус жугузган Иранда өкмөт өлүм – житимдин жана бейтап санынан жогорулашынан тынчсыздангандыктан шаршемби күндөн тартта 25 аймакта борбордук жана 89 райондо мажбур болбогон иш жерлеринин 10 күндүк мөөнөт менен жабуу чечимин чыгарды.

Россияда акыркы 24 саатта Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  238 кишиге көбөйүп 28 476 болду. Өлкөдө бейтап саны да ошол эле учурда 18 257ге көбөйүп 622 38ге жетти.

Украинада вируска байланыштуу каза болгон киши саны 7 375ке жетти. Саламаттык сактоо министри Максим Степанов өлкөдө акыркы 24 саатта 6 754 кишиде вирустун аныкталышы менен бейтап саны 402 194кө жеткендигин билдирди. «Элдин кызматчылары» партиясынын мүчөсү, депутат Алексей Мовчан фейсбуктан берген маалыматында Ковид  - 19 тестинин позитив чыккандыгын билдирди.

Грузиянын премьер  - министрлигинен берилген маалыматта өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 342ге жеткендиги билдирилди. Маалыматта 1853  кишиде вирустун аныкталышы менен вирус жуккан киши саны 42 620га жогорулагандыгы белгиленди. Бир тараптан жан сакчысында  вирустун аныкталышы менен Грузиянын премьер  - министри Георгий Гакхаарианын карантинге киргендиги маалымдалды.

Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда вирустан 5 кишинин дагы каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 1857ге жети. Өлкөддө 24 саатта 442 кишиде вирустун аныкталышы менен Ковид  - 19 бейтап саны 112 860ка жогорулагандыгы белгиленди.

Өзбекстанда саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматта вирустан каза болгон киши саны 571ге, бейтап саны да 153кө көбөйүп 67 254кө жогорулагандыгы билдирилди.

Кыргызстанда 24 саатта Ковид  - 19дан 5 кишинин каза болушу менен өлкөдө жалпы каза болгон киши саны 1155ке жогорулады. Саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда ошол эле убакыттын ичинде 436 кишиде Ковид  - 19 аныкталып, бейтап саны 59 879га жетти.

Түштүк Африкада ушул кезге чейин каза болгондордун саны 19 411ге, бейтап саны да 726 823кө жетти.

Кытайда акыркы 24 саатта Ковид  -19дан улам өлүм  - житим болгон жок. Өлкөдө 24 жаңы учур каталды. Алардан 21 киши өлкө тышынан келген. Ушндайча бейтап саны 86021ге жогорулады.

Түштүк Кореяда 24 саатта 2 киши вирустан каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 468ге жетти. Өлкөдө 97 кишиде вирус аныкталып, алардын ичинен 18 киши өлкө ичинен болгон. Түштүк Кореяда  ушул кезге чейин  вирус жуккан киши саны 26 732 деп белгиленди.



Тектеш кабарлар