Россиялык эксперттерден Карабах тууралуу билдирүү

Россияда эксперттер Тоолуу Карабах маселесинин Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн түзүлүшү менен чечилерин билдиришти.

1518744
Россиялык эксперттерден Карабах тууралуу билдирүү

Россияда эксперттер Тоолуу Карабах маселесинин Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн түзүлүшү менен чечилерин билдиришти.

Россиялык журналист жана талодоочу  Максим Шевченко Азербайжандын Карабах аймагында улантылып жаткан кагылышуулар менен Армениянын Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине карата кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Армения армиясынын Азербайжандын жарандык отурукташуу жерлерине кол салып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Шевченко : «Армениянын жарандарга карата кол салуусу согуштук кылмыш. Бул кол салуулар жарандарды өлтүрүү жана коркутуу максатында жасалган террордук кыймыл»,- деди.

Түркиянын Тоолуу Карабах тууралуу сүйлөшүү процессине катышуу ыктымалына да токтолгон Шевченко : «Түркия орун алган Астана форматы Сирия маселесинин чечилиши тууралуу дипломатиялык мааниде таасирдүү болду»,- деди.

Аскер эксперти жана Улуттук коргонуу журналынын башкы редактору Игорь Коротченко Тоолуу Карабах маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу чечимдерине ылайык чечилиши керектигин баса белгилеп : "Бул эл аралык укуктун негизги принциби. Орусиянын позициясы ушул багытта",- деди.

Россиянын Азербайжанга дагы, Арменияга дагы бирдей мамиле кыларын айткан Коротченко : "Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын авантюралык кыймылдарынын беделин орус жоокерлери өмүрү менен төлөбөшү керек",- деди.  Коротченко  Армениянын Азербайжандын жарандык бөлүктөрүнө жасаган кол салуулары тууралуу : "Согуш эрежелери Женева конвенциясы менен аныкталат. Мындай учурда Армения Женева конвенциясын одоно бузуп жатат. Бул аракеттерди актоого болбойт,"- деди.



Тектеш кабарлар